08:49, 27 апрель 2024 Иш

Дин кызматкерлери медиа сабаттуулук боюнча билим алып жатышат

Дин кызматкерлери медиа сабаттуулук боюнча билим алып жатышат — Today.kg

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү бардык облустук казяттардын алдында эмгектенген дин кызматкерлери үч күнгө созулган медиа сабаттуулук боюнча атайын окуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дин кызматкерлери бул тренингден кол телефондо кайсыл программа менен сүрөттү кантип тартуу керек, аны кантип иштетсе болорун жана ошол эле смартфондо видео тартуунун жол жобосун, кайсыл программа менен топтошту өздөштүрүшүүдө.

Окутуу Internews in Kyrgyzstan уюму ишке ашырган “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” аттуу долбоорунун алкагында, өткөрүлүүдө.

Окутуунун тренерлери медиа эксперт, тренер “Журналисттер” КБ мүчөсү Марат Токоев жана “Журналисттер” КБ төрагасы, медиа тренер Марс Тулегенов.

 

up