15:12, 26 апрель 2024 Жм

Чехияда экиден беткап тагуу милдеттендирилди

Чехиянын тургундары 25-февралдан тарта эл көп жерде атайын респиратордук беткаптарды же медициналык беткаптан экини тагууга милдеттендирилди. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Ян Блатнанын айтымында, бул талаптар британ штаммынын жайылуусуна байланыштуу кабыл алынган. Жаңы эрежелер айрыкча дүкөн, оорукана, коомдук транспорт жана унаа бекеттеринде сөзсүз түрдө талап кылынат.

Чехияда өзгөчө кырдаал режими кабыл алынып, 21:00дөн таңкы 5ке чейин коменданттык саат киргизилген. Вирус күч алган 3 райондо кирип-чыгуу толугу менен токтотулган.

up