17:23, 26 апрель 2024 Жм

Аба ырайы: Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу жүк ташуучу унаалардын Бишкек-Ош жолу менен жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынат. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы (ЖКККК) маалымдагандай, жүк ташуучу унаалар бүгүн, 24-февралда саат 15:00 тартып 25-февраль күнү таңкы саат 5:00ке чейин "Сосновка" бекетинен ары коё берилбейт. Бул магистралдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында ишке ашырылууда.

Ушундай эле чектөө Жалал-Абад облусундагы "Арал" бекетинде да киргизилет.

ЖКККК бардык айдоочулардан зарылчылык болбосо, аба-ырайы турукташканча жолго чыкпай турууну өтүнүүдө.

23-февраль күнү Бишкек-Ош жолунда үч жерге кар көчкү түшкөн. Жалпы көлөмү 20 миң куб метрден ашуун кар көчкүнү тазалоо үчүн магистралдагы кыймылга убактылуу чектөө киргизилген. Көчкүдөн жабыркагандар жок.

up