11:57, 26 апрель 2024 Жм

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев: «Келесиз, эч нерсе билбей отурасыз»

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев: «Келесиз, эч нерсе билбей отурасыз» — Today.kg

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Үмбөталы Кыдыралиев чет өлкөдө камалган Кыргыз жарандарын мамлекетке которуу маселеси боюнча кайсы мамлекеттик орган иш алып барары тууралуу сурады.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев экстрадициялоо маселеси менен Башкы прокуратура иш алып бара турганын билдирди. Анын айтымында, КМШ аймагында экстрадициялоо Минск жана Кишинев конвенцияларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Депутат: "Сиз туура эмес айтып жатасыз. Москвада 1998-жылы түзүлгөн конвенция бар. Сиз диломатиялык конвенцияны айтып жатасыз. Аны билбейсизби?" - деди.

Ишеналиев ал боюнча маалыматым жоктугун билдирди.

Депутат: "Келесиз эч нерсе билбей отурасыз. 1500 жаран Орусияда, 2500 Казакстанда отурат. Даярданып келбейсизби. Алардын туугандары качан Башкы прокуратура алып келет деп күтүп отурат да", - дейт.

 

up