04:41, 27 апрель 2024 Иш

Сабырбек Жумабеков Чикагодо «2020-жылдын мыкты окумуштуусу» аталды

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековго «2020-жылдын мыкты окумуштуусу» наамы берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Чикагодогу эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борборунун (International Achievements Research Center) тандоо комитети алдыңкы илимий интернет-басылмаларды жана илимий-популярдуу басылмаларды мониторинг кылуу, академиялык чөйрөнүн жана башка окумуштуулардын өкүлдөрүнүн сунуштамаларына контент-анализ ыкмасы менен изилдөө жүргүзгөн. Сынак дүйнөдөгү бардык окумуштуулар, инженерлер, изилдөөчүлөр жана жаңычыл адамдар үчүн ачык.

Маалыматка ылайык, клиникалык жана эксперименталдык травматология жана ортопедия жаатындагы фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөргө кошкон салымын, жарыяланган жана алынган патенттеринин санын, доктордук жана кандидаттык диссертация алуудагы ийгиликтерин, илимий конференцияларга жана долбоорлорго катышуусун, илимий чөйрөдөгү лидерлигин, улуттук жана эл аралык сыйлыктарын эске алуу менен Сабырбек Жумабековго травматология жана ортопедия жаатында “2020-жылдын мыкты окумуштуусу” наамы берилди.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүгө эл аралык сертификат (диплом) жана уюмдун эмблемасы берилди.

up