10:34, 26 апрель 2024 Жм

Навальныйдын тарапкерлери жарык жандырган нааразылык чарасын башташты

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапкерлери 14-февралда аны колдоо иретинда нааразылык чараларын өткөрүп жатышат. Анын алкагында, саясатчынын абактан бошотууну талап кылгандар бүгүн ар чөлкөмдүн жергиликтүү убакыты боюнча 20.00дө жапырт түрдө уюкфонду (чөнтөк телефонун) же кол чырактарды асманга каратып, күйгүзүшү керек. 15 мүнөткө созулган флешмоб нааразылык чарасына катышкандар сүрөтүн интернеттеги коомдук тармактарга жайгаштырышы абзел.

Ушул убакытка чейин Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Петропавловск-Камчатск, Сахалин жана Владивосток сыяктуу шаарларында флешмоб өттү. Бул нааразылык чарасына канча киши катышканы азырынча белгисиз.

Навальныйдын тобу 14-февралда белгиленчү Ыйык Валентин күнүндө “Сүйүү - коркуудан күчтүрөөк” деген ураан менен бийликке каршылыгын билдирүүнү чечкен.

Орус бийлиги бул нааразылык чаралардын мыйзамсыз экендигин жана аларга катышкандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн алдын ала эскерткен.

12-февралда "Роскомнадзор" мекемеси жалпыга маалымдоо каражаттарын пландалып жаткан нааразылык чарасы тууралуу кабарларды өчүрүүгө буйрук берди, ал эми прокуратура Навальныйдын айрым аймактардагы штабдарына бул чараны уюштурчу болсо, жоопко тартылары боюнча эскертүү жөнөттү.

А.Навальныйды колдогон демонстрантты камакка алуу. Путинге өз кызматынан боштондук!" деп жазылган. Москва. 2021-жылдын 31-январы.

Путиндин келишкис сынчысы, 44 жаштагы Навальный 17-январда Берлинден дарылануудан келээри менен кармалган.

2-февралда Москва соту анын «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кести. Анын камалышына каршы буга чейин Орусиянын ондогон шаарларында эки ирет ири нааразылык жыйындары өтүп, анын жүрүшүндө миңдеген кишилер тартип сактоо кызматкерлери тарабынан кармалды.

up