Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөр бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдиирди.
Кол коюлган докукменттердин тизими:
— «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 40-беренесине ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагындагы жооп кайтаруу чараларын пайдалануу механизми жөнүндө маселе боюнча баяндама тууралуу» маселеси алкагындагы тапшырма;
— «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн деңиз өткөрүү пункттарындагы электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» чечим;
— «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык асыл тукум иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» чечим;
— «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдөгү макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар тууралуу» буйрук;
— «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» буйрук;
— «Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кзектеги жыйынын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө» буйрук.