08:13, 27 апрель 2024 Иш

Түштүк-Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды: Садыр Жапаров эң көп добуш алды

Орусиянын Түштүк-Сахалин аймагындагы №9013 шайлоо участкасында добуш берүү аяктап, жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Аталган аймак менен Кыргызстандын ортосундагы убакытта 5 саат айырмачылык бар. Мындан улам, Түштүк-Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды.

Социалдык тармакта тараган сүрөттөрдөн 459 шайлоочу катышканын көрүүгө болот. Алардын 345и Садыр Жапаровко добуш беришкен. Ошондой эле, Адахан Мадумаровго -100, имамидин Ташовго-4 добуш берилген.  Калганталапкерлер 2ден кем добуш алган.

Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны  — 3 млн 465 миң. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участкасы уюштурулган. Анын 48и чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жайгашкан.

up