Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын тандоо референдуму өтүп жатат. Шайлоодо Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы №1146 шайлоо тилкесинде добуш берүү үчүн кезекте тургандардын саны көп болууда.
Бул тууралуу социалдык тармакка колдонуучулар жазышууда.
Шайлоочулар 40 мүнөттөн бери кезек күтүп тургандыгын, анын менен катар социалдык аралык сакталбаганын видеодон көрүүгө болот.
14:27 10-01-2021 Автор: Жумабай Акимов