03:24, 27 апрель 2024 Иш

Эльдар Абакиров бүгүн №7062 шайлоо участогунда, өзүнүн кичи мекени Кегети айылында добуш берди.

Эльдар Абакиров бүгүн №7062 шайлоо участогунда, өзүнүн кичи мекени Кегети айылында добуш берди. — Today.kg

Президенттикке талапкер Эльдар Абакиров бүгүн №7062 шайлоо участогунда, өзүнүн кичи мекени Кегети айылында добуш берди.

"Мен Кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн эмес, азыркы абалы үчүн добуш бердим. Анткени биз өткөнкү күндөрдөгү абалды көрдүк, өлкөнү азыр оңдоп кетишибиз керек болуп турат", - деди ал.

Ошондой эле Абакиров бүгүн, Кыргыз эли шайлоого активдүү катышып, өзүнүн тандоосун жасайт деп ишенерин айтты. Мындан сырткары жаштардын, элдин аң-сезими өскөн сайын, ошол талапка жооп бере турган бийлик келерин да кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Эльдар Абакиров президенттикке алгачкы ирет ат салышууда. Ал учурда 39 жашта.
 

up