22:59, 26 апрель 2024 Жм

Бишкекте мыйзамдуулук үчүн марш өтүүдө

Бишкекте мыйзамдуулук үчүн марш өтүүдө — Today.kg

Бүгүн, 10-январда Бишкекте мыйзамдуулук үчүн кезектеги тынчтык маршы өтүүдө. Бул тууралуу жарандык активист Улан Үсөйүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, жүрүшкө 50дөй адам келген. Аталган марш саат 12:00дө темир жол станциясы жактагы Эркиндик көчөсүнүн кесилишинен башталып, "Ала Тоо" аянтындагы Манастын эстелгине чейин жөө жүрүш менен өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин бир нече жаш активисттер референдумга каршы жана башка бир катар жүрүштөргө чыгып келишкен.

 

up