12:06, 26 апрель 2024 Жм

Жээнбеков: Мурдагыга салыштырмалуу эркин шайлоо өтүп жатат

Жээнбеков: Мурдагыга салыштырмалуу эркин шайлоо өтүп жатат — Today.kg

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1343 шайлоо участкасынан добуш берди. Президенттик жарышка алгачкы ирет катышып жаткан саясатчы шайлоо мурункуларга салыштырмалуу таза өтүп жатканын айтты.

— «Биздин тарыхта мурдагыга салыштырмалуу эркин, атаандаштыкта, жарандар жана катышып жаткан саясатчылар коркпогон шайлоо өтүп жатат. Бул биздин өлкө үчүн чоң болсосо да маанилүү, демократиялуу, адам укугун коргогон мамлекетке бир кадам болуп эсептелинет. Буга чейин бийликте турган президент тарабынан каттуу көзөмөлдөнүп турган. Азыр андай көзөмөл бар, бирок мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу төмөн», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал шайлоо эки тур менен өтөрүнө ишене тургандыгын билдирди.

«Мен бул шайлоо 2 тур менен өтөт деп ойлойм. Өлкө үчүн, таза шайлоо үчүн 2 тур менен өтүшү биз үчүн аябагандай маанилүү жана 2 тур менен өтүшүн каалайм. Азыр да кандайдыр бир административдик ресурсту колдонуулар болду, өзгөчө укук коргоо органдары. Бирок салыштырмалуу мурдагы шайлоолордон дурус» , — деди президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков.

Мындан сырткары ал өз  шайлоо 2- тур менен өтө турган болсо,  президенттикке талапкерлер менен сүйлөшүүгө бара тургандыгын айтып, үй-бүлө мүчөлөрү Америка Кошмо Штаттарында болгондуктан, шайлоого жалгыз келгенин кошумчалады.

up