20:05, 26 апрель 2024 Жм

"Онлайн сабак натыйжасыз". Депутат Бекешев өкмөттү онлайн окутуу боюнча бир чечимге келүүгө чакырды

Онлайн сабак натыйжасыз. Депутат Бекешев өкмөттү онлайн окутуу боюнча бир чечимге келүүгө чакырды — Today.kg

Депутат Дастан Бекешев өкмөттү онлайн окутуу боюнча бир чечимге келүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кафелерде куран окутуулар болууда. Мектептер, бала бакчалар ачылбай жатат. Бир чечимге келиш керек. Онлайн окутуу такыр эле болбойт. Нааразы болуп жаткандар көп. Балдарыбыз билимсиз болуп калат. Ата-энелер да жумушка бара албай жатышат.

Жогорку окуу жайларга сабактар онлайн болсо дагы контракттардын баасы ошол бойдон турат", - деди ал. 

up