Акыркы 10 жылдык тарыхыбызды анализдеп көрсөк, Кыргызстандагы азыркы хаостук абалдын, саясий-экономикалык туңгуюктун эң баштапкы, түпкү себеби – бир адамдын саясий амбициясына барып такалып жаткандай. Ал адам – Өмүрбек Текебаев. Туура, Өмүрбек Текебаев көрөгөч стратег, мыкты уюштургуч, харизмасы ашып-ташыган күчтүү саясатчы. Тилекке каршы, анын бул мыкты сапаттары мамлекеттин кызыкчылыгы, жалпы өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн эмес, жеке өзүнүн эгосуна арналганы Кыргызстанга кедергисин тийгизүүдө.
Мындай так кесе жыйынтык чыгарууга, бир катар аргументтерибиз себепчи болууда. Учурда коомчулукта кызуу талкууга алынып, маалымат майданында, социалдык желелерде курч талашка жем таштаган Конституциялык реформа маселесине дал ушул Өмүрбек Текебаев жана анын айланасындагы саясатчылардын айыгышкан каршылык көрсөтүп жатышы да, жөн жерден эмес.
Алар элдин аң-сезимин өтө чеберчилик менен башкарып, ким катуураак кыйкырса ошонуку чындык катары кабылдаарын эң жакшы билишет. Ошондуктан жалпы массага каяктагы Афганистан, Түркмөнстанды кайра-кайра айтып, таң аткандан күн батканча маектен маек берип отурушат.
Мисалы Садык Шер акыркы эле бир жумада бир канча алдыңкы ютуб канал, медиа борборлорго биринин артынан экинчисин улай бир эле маселени кайталап маек берүүдө. Албетте бекер эмес болсо керек. Демек, Текебаев жана анын командасынын учурдагы Конституцияны кандай да болсо сактап калуу аракети күчтүү болуп турат.
Ошол эле учурда Садыр Жапаров “7-каналга” берген маегинде: “Конституциялык кеңешме шашпай карашы керек. Бир ай болобу, эки ай болобу, аларды кууган эч ким жок. Президенттик шайлоо убагында элдин өзүнөн сурап алалы, парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттик башкаруунубу? Сунуш, пикирлер болсо көчөдө кыйкырбай келгиле, айткыла, Конституциялык кеңешмеге кошулгула” деп атабыз” – деди. Кандай болгон күндө дагы акыркы сөздү 10-январь күнү эл айтат, чоң талашка чоң чекитти эл койгону турат. Ошентип талаштан тактык жаралганы жакшы эмеспи.
Эгер “Конституциянын атасы” Өмүрбек Текебаев тууралуу мурда-кийин айтылып жүргөн пикирлер, макала, маектерге үңүлсөк, азыркыга чейин актуалдуулугун жоготпогон өтө кызык жагдайларды байкасак болот. Мисалы, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов Текебаевдин Башмыйзамы жалгыз өзүнө ылайыкталганын мындан беш жыл мурун негиздүү кептери менен аргументтештирген экен. Анын 2015-жылы “Жаңы Орду” гезитине берген маегинен үзүндү келтирсек.
Баса, мурдагы башкы прокурор жана Конституциялык соттун экс-төрайымы Чолпон Баекова Нарын Айыпка берген маегинде “2010-жылдагы Конституция дагы өтө шашылыш кабыл алынган, жыйынтыгында, сот системасы башы жок калды, а Убактылуу өкмөт Конституциялык сотту Жогорку соттун алдындагы палатага айлантып, абийирсиздик кылышты.
Анткени, Конституциялык сот ошол убакта алардын бийликке келишинин мыйзамдуулугун карап, баа бере алмак. Конституциялык сот 2010-жылы президент канчалык деңгээлде конституциялык жактан туура шайланды дегенди да текшерүүгө укуктуу эле. Акыркы жылдары Жогорку сот да такыр башка түзүмгө айланды. Мисалы, көптөгөн чечимдер Жогорку Соттун "үчилтигинин" - үч судьядан турган коллегиянын атынан кабыл алынат, алардын чечими андан ары арызданууга жатпайт. Алардын чечимин жокко чыгара алчу Жогорку соттун президиуму азыр жок, Жогорку соттун пленуму дагы азыр иш карабайт. А бул "үчөө" көбүнчө такыр түшүнүксүз чечимдерди кабыл алышат” –деген.
БАКАЙ НУРГАЗИЕВ