03:26, 27 апрель 2024 Иш

Чолпонбек Сыдыкбаев: Тышкы саясат – ички саясаттын уландысы

Чолпонбек Сыдыкбаев: Тышкы саясат – ички саясаттын уландысы — Today.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 13-ноябрда дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен жолугушуусун күн тартибиндеги эң маанилүү иш чара катары бааласак болот.

Себеби өлкөбүз оңой эмес учурду башынан кечирип жатат. Жаз айларынан берки пандемияга байланышкан карантиндик чаралар, андан кийинки шайлоо процесстерине байланышкан олку-солкулук, 5-октябрдагы шайлоодон кийинки элдик толкундоолор анын натыйжасында бийлик системасындагы боштук (ваакум) улуттук экономиканы оор абалга кептегени белгилүү. Андай шартта бир аз мурун гана укуктук талаага түшүп сенек абалдан чыгып, толук кандуу функционалдаша баштаган бийлик системасын реабилитациялоо да оңойго турбайт.

Бизде адат болуп калгандай Президент Садыр Жапаровдун дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан да кычык издеп: президент башы менен биринчи эле жолугушууда жардам сурап кайрылып дипломатиялык протоколдун рамкаларын, этикасын сактабай жатат деп чыккандар пайда болду.

Негизи тышкы саясат ички саясаттын уландысы, өлкөбүздөгү жаңы гана стабилдешип келе жаткан саясий кырдаал, эл аралык коомчулуктун ар тараптуу колдоосуна муктаж. Бюджеттин дефицити салык бажы төлөмдөрүнүн көрсөткүчүнүн кескин түшүп кетиши, карантиндин чаралардан улам тышкы соодадагы көрсөткүчтөрдүн кескин төмөндөөсү өлкө жетекчилигинен жигердүүлүктү, керек учурларда ординардуу эмес кадамдарга барууга түртүүдө.

Өзгөчө азыркыдай жаз айларынан беркидей абал өлкөнүн тарыхында болгон эмес азыркы кырдалды жарым-жартылай согуштук абалга да салыштырсак болот. Тышкы саясаттын негизги принциптеринин бири улуттук кызыкчылыкты бекем кармануу менен иш жүргүзүү. Кыргыз элинде: “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” деген таамай айтылган ой бар. Эмне үчүн анда өлкөнүн саясий жетекчилиги, өлкөдөгү түзүлгөн социалдык-экономикалык кырдаалды жаап-жашырып жымсалдап айтышы керек. Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү өздөрү элчилик кылган мамлекеттердин “кулагы, көзү” демек элчилерге да мамлекет башчысынын өлкөдөгү кырдаалга карата туура жасалмаланбаган так позициясы маанилүү. Учурда мамлекетибиз ар тараптуу колдоого муктаж болуп тургандыгын жаап жашыруунун зарылчылыгы жок деп эсептейм.

Демек, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөбүз дипломатиялык тыгыз карым-катнаштарга даяр экенин баса белгилеп улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн туура саясий кадам жасады десек болот.
 
Саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев. 

up