17:59, 26 апрель 2024 Жм

Кыргызстандагы бардык балдардын жарымынан көбү COVID-19дан улам келип чыккан экономикалык шокко байланыштуу жакырчылыкка дуушар болушу мүмкүн

Жакын арада ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, 16 жашка чейинки курактагы 160 000ден 570 000ге чейин балдар COVID-19 пандемиясынан улам керектөөчү товарлардын баасынын өсүшү жана эмгек кирешелеринин, акчалай которуулардын азайышынын негизинде келип чыккан экономикалык шокко байланыштуу жакырчылык абалына дуушар болушу мүмкүн.

Изилдөөгө ылайык, жакырчылыктын масштабдары эң оптимисттик баалоолорго кыйла өсөт. Ушул тапта Кыргызстанда жакырчылык шарттарында жашап жаткан балдардын пайызы баалоолор боюнча 29%ды түзөт, бул көрсөткүч өсө тургандыгы жана 36% дан 55%га чейинки балдарды кучагына алары күтүлүп жатат.

Изилдөөлөр социалдык жардам боюнча иштеп жаткан программаларды кеңейтүү COVID-19дан улам пайда болгон экономикалык кризистин жагымсыз кесепеттерин жумшартууга жардам бере ала тургандыгын белгилейт. Социалдык коргоонун бардык программаларынын ичинде, жакырчылыкта жашаган балдарга арналган Үй-бүлөгө көмөк (ҮБК) жөлөкпул, жаңы жакыр адамдарды көбүрөөк камтый турган потенциалы бар программа катары каралып жатат, анткени бул аялуу балалуу үй-бүлөлөрдүн кирешелерин үзгүлтүксүз колдоону камсыз кылуучу социалдык коргоонун негизги программасы.  

Көптөгөн үй-бүлөлөр кризистин айынан өзүнүн кирешесинин бөлүгүн жоготуп жаткандыктан социалдык жардамга болгон суроо-талап көбөйө тургандыгы күтүлүп жаткан учурда, аялуу абалда турган көп сандаган балдарга ҮБК алуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоол боло турган эки негизги маселе изилдөөнүн жүрүшүндө аныкталды.

Биринчиден, жөлөкпул алууга, 2723 сомду түзгөн жакырчылыктын чегинен кыйла төмөн, жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган муктаж болгон балдардан тышкары, айына 1000 сомдук кепилденген эң төмөнкү кирешенин деңгээлинде жашаган үй-бүлөлөр гана укуктуу. Экинчиден, COVID-19 кризисинен улам кирешеси жол берилген деңгээлден төмөн түшүп кеткен балалуу үй-бүлөлөрдүн 34%дан 40%га чейинкиси ҮБКдан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн критерийи катары колдонулуучу чыпкалардын негизинде программадан чыгарылат. Бул чыпкалар бир үй-бүлө мүчөсүнө 4төн ашык баш малы бар же COVID-19 пандемиясына чейин менчик айыл чарба техникасы/күч унаасы, автоунаасы, жүк ташуучу унаасы же микроавтобусу барларды чыгарып салат. Ушул өндүрүштүк активдерди сактап калыш үчүн, алар кирешенин олуттуу жоготууларына дуушар болуп турган учурда бул үй-бүлөлөрдү колдоо зарыл. Кризис учурунда мындай үй-бүлөлөрдү колдоонун жоктугу кыйынчылыктарды жеңүүнүн тескери стратегияларына алып келиши мүмкүн, үй-бүлөлөр жоготуп алган кирешелеринин ордун толтуруу үчүн өздөрүнүн активдерин сатышат. Бул үй-чарбаларынын узак убакытта өзүн өзү камсыздоосу үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келет жана келечекте социалдык жардамга муктаж болгондордун санынын көбөйүүсүнө алып келиши ыктымал.

«Балдарды алардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон оор ажыратуулардан коргоо үчүн социалдык коргоо эң мыкты кийлигишүү болгондугу далил. Ошондуктан мен өкмөттү жакыр үй-бүлөлөрдүн ҮБКга / балдардын жөлөкпулдарына жеткиликтүүлүгүн чектей турган айрым тоскоолдуктарды жоюуга жана ылайыктуулук чегин жакырчылыктын чегинин деңгээлине чейин көбөйтүү тууралуу маселени кароого чакырат элем. Мындай чараларды пайдалануу менен биз, бир дагы бала ушул олуттуу кризистин учурунда көз жаздымда калбай тургандай кыла алабыз, анткени ал башкаларга караганда балдарга көбүрөөк таасирин тийгизип жатат»,- дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.

«COVID-19 пандемиясы жана анын экономикалык кесепеттери өнүгүү жаатындагы прогресстин чоң бөлүгүн артка кайтаруу жана Кыргыз Республикасындагы миңдеген адамдарды жакырчылыкка дуушар кылуу коркунучуна алып келүүдө»,-дейт Кыргыз Республикасы боюнча Дүйнөлүк Банктын Башчысы Навид Хасан Накви. «Дүйнөлүк Банк экономиканы калыбына келтирүүнү жана адамдардын киреше булактарын калыбына келтирүүнү колдоого даяр».

Калктын балалуу үй-бүлөлөрдө жашаган 90%дан көп бөлүгү жакырчылыкка дуушар болушу күтүлүп жатканда, учурдагы кризис социалдык коргоо системасын чыңдоого жана Улуттук Социалдык өнүктүрүү стратегиясын кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн.

up