20:05, 6 май 2024 Дш

Чолпон-Атада коронавирустун алгачкы учуру катталды. Илдет жаш жубайлардан чыкты

 Бүгүн, 15-июнга карата Кыргызстанда дагы 87 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын экөө Ысык-Көл облусунун тургундары. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Аймактык кабарчы маалыматты тактады.

Коронавирус аныкталган эки тургун Чолпон-Ата шаарынын тургундары. Алардын апасы — Ысык-Көл районунун 1952-жылы туулган тургуну Бишкек шаарында жашап жаткан. Анын жүрөгү ооруп, ооруканага кайрылган андан коронавируска анализ алынган жана COVID-19 аныкталган. Бейтап буга чейин Чолпон-Ата шаарындагы уул-келинине келип кеткендиктен жубайлардан да анализ алынган. 12-июнь күнү алардан алынган анализдин жыйынтыгы чыгып, коронавирус табылган. Жубайлар 1994-жылы жана 1996-жылы туулган. Алар учурда Бишкек шаарында.

Бүгүн, 15-июнга карата Ысык-Көл облусунда коронавирустун 31 учуру катталды. Алардын ичинен 14 адам сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2372 адамга жетти. Алардын ичинен 1813 бейтап айыкты.

 

up