19:30, 6 май 2024 Дш

Нарын шаарында дагы 7 адам коронавирус жуктурду

  Бүгүн, 15-майга карата Нарын шаарында коронавирус жуктурган 7 адам катталды. Мындан тышкары илдеттен 1 адам айыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жаңы катталган бейтаптардын төртөө төрөт бөлүмүнөн чыккандар, бирөө милиция кызматкери, экөө ооругандар менен байланышта болгондор.

Ушуну менен Нарын шаарында бул ооруну жугузгандардын жалпы саны 66 адамга жетти. Алардын ичинен 9 адам айыгып чыкты. Ал эми үй карантинге 346 адам алынды.

 

up