03:53, 7 май 2024 Шш

Балыкчыда бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсүнөн коронавирус чыкты

Turmush -  Бүгүн, 11-июнга карата Кыргызстанда дагы 36 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын үчөө Ысык-Көл облусунун тургундары. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Аймактык кабарчы маалыматты тактады.

Коронавирус аныкталган 3 адам Балыкчы шаарынын тургундары жана бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Илдет Балыкчы шаарынын 1941-жылы туулган тургунунан (аял киши) жана Орто-Токой айылында жашаган 1962-жылы туулган уулунан жана 1962-жылы туулган келининен табылды.

1941-жылы туулган апанын 1973-жылы туулган кызы 29-майда сасык тумоо болуп ооруган. Жакшы болбой жатканынан 7-июнда ооруканага жаткырылган. Ал эми аны менен байланышта болгон жарандардан 8-июнда коронавируска анализ алынган. Бирок 1973-жылы туулган бейтаптан коронавирус аныкталган эмес.

Ошондой эле COVID-19 аныкталган 3 жаран менен алакада болгон 4 киши аныкталып, алардан да анализ алынып, жыйынтыгы терс чыкты.

Аталган үй-бүлө мүчөлөрүнө коронавирус кайдан жукканын санэпидемстанция изилдеп жатат.

Бүгүн, 11-июнга карата Ысык-Көл облусунда жалпы 25 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын 14тү сакайып, ооруканадан чыгарылган. Балыкчы шаарында 5 адам коронавирус чалдыкса, алардын ичинен бирөө айыккан.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2129 адамга жетсе, 1630 бейтап айыкты.

 

up