00:48, 27 апрель 2024 Иш

Замир Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушевдин буйругуна ылайык, Замир Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы 10-августта билдирди.

Ракиев 1978-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Дин жана чыгыш таануу боюнча жогорку билими бар. Эмгек тажрыйбасында медреселерде мугалим, Нарын облусунун казысы жана башка кызматтарда иштеген.

2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп иштеп келген. 

up