Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болду. 10-августта партиянын жаңы мүчөлөрүнө партиялык билеттер тапшырылды. Мындай маалыматты партиян фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Партиялык билетти Кыргызстан партиясынын төрагасы Канатбек Исаев тапшырды.
Талант Мамытов 2015-жылы «Республика Ата Журт» саясий партиясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин мүчөсү болгон.
2007-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген. 2010-жылы «Ата-Журт» саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.