01:04, 27 апрель 2024 Иш

Лукашенко Даниил Урицкий жетектеген ишканага барды

Беларустун президенти Александр Лукашенко талаштуу шайлоонун эртеси Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов же кийин атын өзгөрткөн Даниил Урицкий жетектери кабарланып келген ишканага барды.

Лукашенконун бул сапары тууралуу жаңылыкты жана анын Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтүн Беларустун “БелТА” мамлекеттик жаңылыктар агенттиги 10-августта жарыялады. Ал жаңылыкта Лукашенко Урицкий жетектеген “Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын” (БНБК) ишин жогору баалаганы белгиленди.

Эки жыл мурда Беларустун “TUT.BY” басылмасы аталган агрардык корпорацияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектерин, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирип чыккан. Өткөн жылы “БелаПАН” маалымат агенттиги агрардык корпорациянын 22,5 пайызына ээлик кылган шотландиялык эки компания Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевге таандык экени жазган.

Быйыл июнь айында Беларус президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге “Заславль–2” резиденциясынын жанынан 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп бергени ачыкка чыккан. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Беларуска качкан Бакиевдердин үй-бүлөсү жана Данияр Үсөнов Беларус журналисттери таап чыккан жогорудагы маалыматтар боюнча расмий түшүндүрмө берген эмес.

Беларус БШКсы 10-августта жарыялаган баштапкы жыйынтыктарга ылайык, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко добуштардын 80,23%, анын башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% алды. Калган үч талапкердин ар бири 2% жетпеген көрсөткүчкө ээ болду. Бирок Тихановскаянын штабы шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок.

Жекшембинин кечинде жана дүйшөмбүгө караган түнү Беларустун көпчүлүк шаарларында добуштар бурмаланганын айткан миңдеген адамдар көчөгө чыгып, алардын айрымдары полиция менен кагылышты.

up