08:09, 27 апрель 2024 Иш

37 тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыяланды

Саламаттыкты сактоо министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталында айтылгандай, тез жардам унааларын сатып алууга 145 млн сом каралган.

Сынактык арыздарды 31-августка чейин тапшыруу керек.

Биринчи лот — 42 млн 297,4 миң сомго 10 тез жардам унаасы;

Экинчи лот — 102 млн 702,6 миң сомго 27 тез жардам унаасы алынат.

up