04:03, 27 апрель 2024 Иш

ӨКМ: Дезинфекциялоодо колдонулган хлордун зыяны жок

Өлкө аймагында күн сайын элүүгө жакын атайын унаалар дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, күн сайын ӨКМдин өздүк курамындагы эки жүзгө жакын кызматкер залалсыздандыруу иштерин аткарууда.

Дезинфекциялоодо хлор колдонулуп жатат. Аны норма менен колдонсо, адамга эч кандай зыяны жок.

«Эгерде зыяндуу боло турган болсо, эң назик нерселер: өсүмдүктөр куурап же канаттуулар кырылып калышы мүмкүн эле. Эң эле жөнөкөйүн айтсак, күн сайын ичип жаткан сууга да хлор кошулат. Бизде хлорду сууга кошордо санэпидстанциянын чечими эске алынат», — дейт Аскаров.

Ал вирусту жуктуруп албоо ар бир адамдын өзүнөн көз каранды экенин айтып, жарандарды эрежелерди так сактоого чакырды.

up