03:52, 27 апрель 2024 Иш

Ленин чокусундагы таштандыларды тазалоо акциясы башталды

Ленин чокусундагы таштандыларды тазалоо боюнча акция башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлайт.

таштанды тазалоо акциясы 25-августка чейин уланат. Акция министрликке караштуу Туризм департаменти тарабынан демилгеленип, Швейцария өкмѳтүнүн, Европа биримдиги, Кыргызстан, Ага Хан фонду жана ПРООНдун каржылык колдоосунда өтүүдө.

Донорлор тарабынан иш-чарага 17 миң 620 доллары бѳлүнгѳн. Бул каражат альпинист-гиддерди тамактандырууга, жатаканасына жана алардын кызмат акысын тѳлѳѳгѳ, чогултулган таштандыларды Ленин чокусунан Дароот-Коргон айылында таштанды полигонуна чыгарууга жана башка керектүү жабдыктарга жумшалат.

2018-2019-жылдары Кыргызстандын альпинисттик клубунун Нэпиер Эдинбург Университети менен биргеликте ѳткѳрүлгѳн изилдѳѳлѳрүнѳ ылайык Ленин чокусунда экологиялык кырдаал начар абалда болгондугу аныкталган.

 

up