05:38, 27 апрель 2024 Иш

УКМК: Издөөдө жүргөн өзбекстандык жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалганын кабарлады.

8-августта УКМК 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск Конвенциясынын алкагында, Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармады.

Ал 1973-жылы туулган А.Б. аттуу Өзбекстандын жараны болгон. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда Башкы прокуратура ага карата баш коргоо чарасын тандоо жана Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелерин карап жатат.

up