13:02, 26 апрель 2024 Жм

Лола Каримова Лос-Анжелестеги 3 вилласын сатыкка койду

Лола Каримова Лос-Анжелестеги 3 вилласын сатыкка койду — Today.kg

Голливудда үч вилла сатыкка коюлганын, бул объектилер Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова жана анын күйөөсү Тимур Тилляевге таандык экенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык, саттыкка коюлган үйлөрдүн жалпы баасы 18 миллион 900 миң долларды түзгөт. Бул үйлөр 2007-2014-жылдары NFL’дин мурунку жылдызы, футболчу Рейжи Буш жана ошол кездеги сүйлөшкөн кызы Ким Кардашьянга таандык болгон. Бирок дүйнө жылдыздары бул виллаларда жашабагандыгы, ижарага гана берип жүрүшкөндүгү жазылат маалыматта.

Учурда Лола Каримова-Тилляева жанан Тимур Тилляев Беверли-Хиллзтеги жалпы аянты 4,4 гектар хансарайда жашашат, аны 2013-жылы 33 миллион долларга сатып алышкан.

Басылманын маалыматы боюнча, бул үй-бүлөнүн Парижде жана Швейцарияда да кыймылсыз мүлктөрү бар. Алардын бири катары Женеванын престиждүү районунда жайгашкан 47 миллион долларлык үйдү айтууга болот.

 

up