12:53, 26 апрель 2024 Жм

Генерал Сабырбек Курманалиев каза болду

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генералы Сабырбек Курманалиев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Маалыматка ылайык, 66 жаштагы генерал пневмонияга чалдыккан. Сөөгү Чүй облусундагы Дмитревка айында жерге берилмекчи.

Сабырбек Курманалиев Ички иштер органдарында 30 жылга жакын эмгектенген. Нарын, Чүй облуслук милиция башкармалыгын жетектеп, 2008-жылы ички иштер министринин орун басарлыгын аркалаган.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавируска кабылган жана өпкөсү кагынган (пневмония) адамдардын саны көбөйдү. Ооруканаларда орун, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 3-июлда бир суткада пневмониядан 23 адам каза болгон.

Жалпысынан март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 2508 болду, алардын 664ү айыгып кетти, 120сы кайтыш болду.

up