05:09, 27 апрель 2024 Иш

Кыргызстан менен ЭӨА ортосундагы каржылоо тууралуу макулдашуу ратификацияланды

Президент Сооронбай Жээнбеков «ушул жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууну (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорун) ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 4-июнда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык ѳнүктүрүү ассоциациясына (ЭѲА) жогоруда кѳрсѳтүлгѳн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Долбоордун максаты — өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн натыйжалуу өлчөө максатында салыктарды чогултуунун жана улуттук статистика системасын модернизациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Долбоордун жалпы наркы — 35 млн доллар,  анын ичинде ЭѲАнын кредити — 17,5 млн доллар, ЭӨАнын гранты — 17,5 млн. доллар.

Кредит берүүнүн мөөнөтү — 38 жыл, анын ичинен 6 жылы — жеңилдетилген.

Пайыздык чени — жылдык 0,75%.

Иштетүү мөөнөтү — 5 жыл.

up