03:26, 27 апрель 2024 Иш

Бюджетти колдоого дагы 116.2 млн доллар каражат тартып келүү күтүлүүдө

Учурда бюджетти колдоо макстында 408.1 млн доллар суммасында каражат тартылып жатат. Бул тууралуу Финансы министр Бактыгүл Жеенбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн сумманын ичинен, 2-июлга карата, 291.9 доллар Азия Өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фондунан келип түшкөн.

Эл аралык валюта фондунан эки транш менен Кыргызстанга жалпы суммасы 241 млн 900 миң доллар алып келди. АӨБдан 50 млн доллар которулду. Анын 25 млн доллары грант түрүндө келген.

Жыл соңуна чейин республикалык бюджетти колдоого дагы 116.2 млн доллар каражат тарып келүү күтүлүүдө.

up