07:09, 27 апрель 2024 Иш

Орусияда сутка ичинде 6556 адам COVID-19 менен катталды

Орусияда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен 6556 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы түзүлгөн ыкчам штаб маалымдады.

Республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 654 400дөн ашты. Анын 422 931и айыкса, 284 миңи стационарда дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда.

Ошондой эле, бир сутка ичинде коронавирус диагнозу колган 216 бейтап көз жумду. Муну менен каза болгондордун жалпы саны 9 536га жетти.

Белгилей кетсек, Орусия вирустук инфекцияны жуктургандардын көптүгү боюнча мамлекеттер арасында 3-тизмеде турат. Андан мурда, АКШ менен Бразилия өлкөлөрү коронавирусту жуктургандардын антирекордун түзөт.

up