02:19, 27 апрель 2024 Иш

Өзгөчө абалда дарыгердин укугун коргоочу мыйзам долбоору даярдалууда

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин өзгөчө абал учурунда иштөө жол-жобосун аныктай турган мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Бул тууралуу 7-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, ал мыйзамда өзгөчө абал учурунда иштеген дарыгердин айлык акысы, эгер ооруну жуктуруп алса же ошол илдеттен каза тапса төлөнө турган жөлөкпулдун өлчөмү жазылат. Мыйзам долбоорун парламент дароо үч окууда карап, кабыл алып бермей болууда.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 228 адамда аныкталды, алардын 19у медицина кызматкерлери. 

up