07:05, 27 апрель 2024 Иш

7-апрель: Кыргызстанда дагы 12 адамда коронавирус табылды

Кыргызстанда соңку суткада коронавирустун жаңы түрү дагы 12 адамга жукканы аныкталды. Бул тууралуу 7-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, оору жаңы аныкталган 12 адамдын үчөө - эркек, тогузу - аял. Баары Ош облусунда обсервацияда жаткан.

7-апрелге карата COVID-19 жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 228 болду:

Ош облусунда – 106

Жалал-Абад облусунда – 80

Чүй облусунда – 30

Нарын облусунда – 5

Баткен облусунда – 4

Ысык-Көл облусунда – 3

Министр кошумчалагандай, 228 адамдын 23ү айыкты, төртөө каза болду. 

up