00:07, 27 апрель 2024 Иш

Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыкты

Кечээ, 6-апрелге карата коронавирустан айыгып, 23 киши ооруканадан чыгарылды. Учурда 201 адам ооруканада жатат. Алардын онунун абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 42 бейтап стационарлардан чыгарылды.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 228га жетти. Алардын ичинен 42 адам айыгып, төртөө каза болду.

up