03:18, 2 май 2024 Бш

Коронавирус 70 миңден ашуун өмүрдү алды

Хопинкс университетинин маалыматына ылайык, АКШда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 366 миңден ашты. 10 миңден ашуун киши каза болуп, 20 миңге жакыны сакайып чыкты.

Ак үйдөгү медициналык эксперттер бардык чаралар сакталганына карабай коронавирусттун курмандыктары 100 миңден 200 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин божомолдошот.

АКШ COVID-19 дан каза болгондордун саны боюнча үчүнчү орундагы өлкө болуп калды. Италияда 16 миң, Испанияда 13 миң киши жугуштуу илдеттен көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккандар 1 млн. 300 миңге жетти. 74 миң каза болуп, 276 миң адам бул илдетти жеңип чыкты. 

up