18:01, 26 апрель 2024 Жм

Иликтөөчү журналистти өлтүргөн адам 23 жылга кесилди

Словакия соту иликтөөчү журналист Ян Куциякты жана анын сүйлөшкөн кызын өлтүрүү үчүн айыпталган Мирослав Марчекти 23 жылга кести.

Мурдагы аскер кызматкери Марчек өкүм угузулуп жатканда залда болгон жок. Ага чейин ал күнөөсүн мойнуна алган.

Өткөн жылдын декабрында кылмышка себепкер болгон деп табылган дагы бир адам 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал да суракта айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташкан.

Куцияк менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Куснированы 2018-жылдын февралында борбор Братиславадан анча алыс эмес жердеги үйүндө атып кетишкен. Экөө тең 27 жашта болчу.

Журналист акыркы жолу Словакиянын ошондогу премьер-министри Роберт Фицонун жакын адамдары менен италиялык мафиянын байланышын иликтеп жүргөн.

Ян Куцияктын өлтүрүлүшү жана аягына чыкпай калган иликтөөсүнүн жарыяланышы Словакияда ири демонстрацияларга, саясий кризиске алып келди. Өкмөт кызматтан кетти.

Ошондой эле Куцияк өлкөдөгү бирден-бир бай адам, ишкер Мариан Кочнердин компаниялары катышкан алдамчылык схемаларын да иликтеп келген. Бир жыл мурун ал бийликке Кочнерден опуза түшүп, анын артынан аңдып жатышканын билдирген. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес. Кочнерге эки жашты өлтүрүүгө буюртма берген деген айып коюлууда.

up