21:34, 26 апрель 2024 Жм

Монголиянын президенти депутаттарды саясий эрдик көрсөтүп отставкага кетүүгө чакырды

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга парламент депутаттарын саясий эрдик көрсөтүп отставкага кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 6-апрелде парламенттин жазгы сессиясынын ачылышында билдирди.

— «Парламент депутаты, мурдагы Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Б. Батзориг кеч болсо да отставкага кетти. Б.Батзоригден үлгү алып,  башка депутаттардын да жарандык жана саясий эрдик көрсөтүп, депутаттык мандатынан жана депутаттык кол тийбестигинен баш тартууга чакырам” , — деди президент.

Буга чейин Монголия парламентинин депутаты Б.Батзориг кызматтан кетүү арызы менен кайрылгандыгы кабарланган.

Монголия 2018-жылы бюджетинен чакан жана орто бизнести өнүктүрүү фондуна 25,4 миллион доллар бөлүнгөн. Бирок изилдөөлдүн жыйынтыгында фонддун  каражаттарын айрым жогорку кызмат адамдарынын, анын ичинде депутаттардын  өз компанияларына, үй-бүлө мүчөлөрүнө жана досторуна насыя берүү үчүн колдонушканы аныкталган.

up