20:52, 26 апрель 2024 Жм

Чехияда «Акылдуу карантин» ишке кирди

Чех бийлигинин илдеттин жайылышынын алдын алуу аракеттери негизинен канааттандырарлык деп бааланып жатат. Бир айдын ичинде өлкөдө коронавируска чалдыккандар 3 200 кишиден бир аз ашты. 1-апрелдеги маалыматка ылайык, 31 бейтап COVID-19дан көз жумду, 45 киши айыкты.

«Адистер вируска чалдыккан адамдын чөнтөк телефону менен насыя картасынан алынган маалыматтарды колдонууга уруксат сурашат. Анан ошол маалыматты акыркы беш күндө кайда болгонун көргөзгөн карта түзүү, кимдер менен жолугуп учурашканын аныктоо үчүн пайдаланышат. Ошол эле учурда, мисалы, ал соода кылган дүкөндөгү сатуучу тобокелдик тобуна кирбейт», - деп түшүндүрдү Чехиянын мамлекеттик телеканалына саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы эпидемиолог Роман Примула.

Андан кийин бир нече сааттын ичинде атайын топтор ошол кишилерден анализ алышат жана кыска мөөнөткө карантинге жөнөтүшөт. Бирок жарандардын купуялык укугун бузбаш үчүн инфекцияланган адамдын аты-жөнү айтылбайт.

Анализдер тигил же бул кишиде коронавирус бар экенин көргөзсө, анда кадимки 14 күндүк карантинге алынат. Ал эми тесттери терс чыккандардын кыймыл-аракети чектелбейт.

Саламаттык сактоо министрлиги муну менен коронавирустун жаңы учурларын 80% азайтса болот деп эсептейт.

Албетте, андай системаны пайдаланууда коопсуздук маселеси биринчи планга чыгат. Укук коргоочулар жогоруда айтылган купуялыктан тышкары эрежелер так жан ачык болууга тийиш деп эсептешет. Мисалы, вирус жугузуп алган киши менен сүйлөшкөндө кайсы маалыматтарды кандай максатта сурап жатышканын, канча мөөнөт сакталарын, алар менен кимдин таанышуу укугу болорун жакшылап түшүндүрүү зарыл.

Долбоордун авторлору маалымат бейтаптын макулдугу менен гана алынарын, чогултулган маалыматтар талданып, бейтап менен контактта болгон адамдар аныкталгандан кийин болжол менен 6 сааттын ичинде өчүрүлөрүн айтышат.

Жаңы системаны сыноо Моравия аймагынан башталды. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, анда мындай ыкма адамдардын жапырт кыймыл-аракеттерин чектеген чаралардын ордуна колдонулмакчы.

Премьер-министр Андрей Бабиш «акылдуу карантин» системасы жемишин берсе, Чехия коронавирусту жеңет деп ишенерин билдирди.

Вирусолог-адистер илдет өлкөдө апрелде туу чокусуна жетерин болжолдоп келатышат.

Прага. Март, 2020-жыл. Прага. Март, 2020-жыл.

Жаңы коронавирусту жугузуп алган алгачкы бейтап Чехияда туура бир ай мурун, 1-мартта катталган. Ошондон бери чех бийлиги эпидемиянын жайылышынын алдын алууга жигердүү аракет кылып келатат. Биринчилерден болуп өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген, чек аралар, мектептер, университеттер, соода борборлору жана башка коомдук жайлар, ресторандар убактылуу жабылган. Биринчилерден болуп эл медициналык беткап, жок дегенде шарф, жоолук тагынып жүрүүгө милдеттендирилген.

Бийлик ошондой эле анализдери текшерилген адамдардын санын көбөйтүүгө басым жасоодо. Илимдер академиясынын жана Прагадагы Карлов университетинин көмөгү менен күнүнө 10 миң, ал тургай 20 миң кишини тесттен өткөөрүү каралууда.

 

up