00:11, 9 май 2024 Бш

Өзгөчө абалдын тартибин бузган дин ишмерлери жоопко тартылат

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өзгөчө абалдын эрежелерин бузган дин ишмерлери тууралуу маалымат берүүнү коомчулуктан өтүндү. Комиссиянын басма сөз кызматы 30-мартта кабарлагандай, 17-марттан тартып мечиттерде намаз окууга, дааватчылык кылууга тыюу салынган. Ошондой эле чиркөөлөрдө жана храмдарда да коомдук диний жөрөлгөлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилбейт.

“Эгерде кандайдыр бир дин ишмерлери тарабынан бул талаптар бузулганы байкалса, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз” деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан үч адам 20-мартта аныкталган. Алар февраль айында Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер экени кабарланган. Илдетке чалдыккан жалпы 94 адамдын басымдуу бөлүгү Сауд Арабиясына умрага, Пакистанга дааватка барып келгендер жана алар аркылуу ооруну жуктуруп алгандар болууда.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдан улам 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал, 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын байланыш телефону: 0777 39 39 01. 

up