09:32, 27 апрель 2024 Иш

Каныбек Исаков: Студенттик жатаканалардын инфраструктурасын жакшыртуу керек

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Бишкектеги студенттик жатаканалардын абалы менен таанышып, студенттердин жашоо шарттары, окуудагы жетишкендиктери боюнча баарлашты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бир канча университтердин жатаканаларынын абалы менен таанышкандан кийин министр өлкө боюнча ар бир окуу жайдын жетекчилигине студенттик жатаканаларын инфраструктурасын жакшыртуу: кеңейтүү, өнүктүрүү, жатаканалардын айланасын жарыктандыруу, коопсуздук камераларын орнотуу, студенттер үйүнөн түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча тапшырмалар берилерин жана студенттик кеңештердин ишин активдештирүү, жатаканада маданий, спорттук иш-чаралардын өткөрүлүүсү керектигин айтты.

Ошондой эле, Исаков ар аймактан келип чогуу бир бөлмөдө жашоо — жаштардын арасында ынтымакты, достукту бекемдөөгө жакшы өбөлгө түзөрүн белгиледи.

 

up