11:13, 26 апрель 2024 Жм

Казакстанда камалган кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу экстрадицияланды

2018-жылы Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу кечээ, 18-ноябрда Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, Informator.kg сайты жазды.

Анын менен кошо кармалган эки кыргызстандык жаран да жаза мөөнөтүн мындан ары Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү жайларында өтөшмөкчү.

Эске сала кетсек, соттор Дамирбек Асылбек уулунун контробандалык жүктөргө, трансулуттук кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги далилденген эмес. Бирок, сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Алар менен кошо кармалган 28 адамга да Алматы шаардык соту өкүм чыгарып, тарапташтары нааразы болуп келет.

up