17:55, 26 апрель 2024 Жм

Айыл чарба министрлигине баа берүү боюнча коомдук угуу өтүп жатат

Бишкекте Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуу башталды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Иш-чарага фермерлер, ассоциациялардын өкүлдөрү, эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышууда.

«Аталган угуунун максаты — министрликтин ишин баалоо. Анткени профилдик комитеттер, жалпы парламент жана өкмөт министрликтин ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзө элек, бул агросектордун ишинин андан ары начарлашына алып келет жана фермерлердин кирешесинин деңгээлин төмөндөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коомдук угуу «Замандаш» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун демилгеси жана колдоосу менен өтүп жатат.

up