Бүгүн, 19-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны кечигүү менен башталды.
Саат 10:00дө башталышы керек болгон жыйын 20 мүнөт өткөндөн кийин башталды. Учурда комитеттин жыйынына 8 депутат катышууда.
Күн тартипке ылайык, 4 маселе каралат.