"Кайыңды" темир жол көзөмөл өткөрмө жайында чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Орусиялык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу поездди текшерүү учурунда 1971-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Ал көмүр ташуучу вагонго жашынып, документи жок Казакстан республикасына өтүүгө аракет кылган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.