21:03, 26 апрель 2024 Жм

Дыйканбаев: Түркияда кармалгандар кыргызстандык болбошу мүмкүн

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалгандар кыргызстандыктар болбошу да мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Улан Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди.

- Түркиянын укук коргоо органдары оозеки түрдө ушинтип айтышкан. Кармалган адамдар өздөрүн Кыргызстандын жараныбыз деп тааныштырган. Бирок жанында паспорту, башка маалыматы жок болгон. Паспорт жок болгондон кийин маалымат каражаттарындагы “Кыргызстандын жараны” деген кабар туура эмес болуп калышы мүмкүн.

Дыйканбаев Түркиянын укук коргоо органдары ыкчам иштерин жүргүзүп, Кыргызстандын консулдук кызматы абалды көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Кыргызстанда жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Жогорку Кеңештеги Ата Мекен фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов буга чейин издөөдө болгон Саймаити Кыргызстанга 5 млрд. сом салык төлөбөй жүргөнүн 13-ноябрдагы парламент жыйынында айтты.

Алгач Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болгон. Түркиянын Адана шаардык полициясынын башчысы Атилла Кылыч “Азаттыкка” кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экенин кабарлаган.

Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган “Range Rover” үлгүсүндөгү жолтандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени ачыкка чыккан. Буга кошумча аталган автоунаада тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгон.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы “Азаттыктын” быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

up