00:00, 27 апрель 2024 Иш

Трамп Зеленский менен телефондон сүйлөшкөн алгачкы маегинин текстин жарыялайт

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 21-апрелдеги, Украинанын президенти Владимир Зеленский президент болуп шайланганда алгач ирет телефон менен сүйлөшкөн маегинин текстин жарыяларын билдирди. Ал "Твиттердеги" баракчасына "Тарыхтагы эң ачык-акын президент катары мен ушул жуманын ичинде Украинанын президенти менен эң алгачкы, эң маанилүү телефон сүйлөшүүмдү жарыялайм" - деп жазды.

Мындай билдирүүсүн Трамп Өкүлдөр палатасындагы президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында, коомдук угуулардын алдында жасады.

Коомдук угуулар 13-ноябрда башталат. Алгач АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор, мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Жорж Кент, 15-ноябрда болсо АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Мари Йованович көрсөтмө берет.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган.

Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулу Хантер Байдендин Украинада эмне иш жасап жүргөндүгүн иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты "ыйгарым укугунан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштап жиберген.

Бирок Трамп дооматтардын баарын четке кагып, муну "президентке ыдык көрсөтүү аракети" деп баалаган.

up