Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Кошумчалай кетсек, болжолдуу маалыматтар боюнча «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» боюнча иликтөөсүндө ысымы көп айтылган адамдардын бири катары белгилүү болгон Айеркен Саймаити колдонгон унаа Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковко таандык экендигин социалдык тармактын колдонуучулары жазды.
Что и было понятно с самого начала — номер на RR убитого Айеркена принадлежит Генконсулу КР в Стамбуле Эркину Сопокову. Мы же большая семья, у нас всё общее. Теперь и всей Турции ясно стало что у нас дипномера раздаются направо и налево.
— ilim karypbekov (@ilimkm) November 12, 2019