Бишкектеги Медеров 44/1 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борбору жабылат. Маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Ушул жылдын 18-ноябрынан тарта жогоруда аталган даректе жайгашкан Калкты тейлөө борбору жабылат. Мындан ары 4 ири тейлөө борборлору иш алып барат. Ал эми Калкты тейлей турган борборлор Октябрь жана Аламүдүн райондорунда ачылат", - деп жазылат маалыматта.
Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун жаңы даректери:
Октябрь райондук Калкты каттоо, паспорт берүү жана ЗАГСы. Дареги: 12-кичи район, Нуркамал көчөсү 29;
Биринчи Май жана Свердлов райондук Калкты каттоо, паспорт берүү жана ЗАГСы. Дареги: Чокан Валиханов көчөсү 2;
Ленин райондук Калкты каттоо, паспорт берүү жана ЗАГСы. Дареги: Жаш Гвардия бульвары 4;
Аламүдүн райондук Калкты каттоо, паспорт берүү жана ЗАГСы. Дареги: Ауэзов көчөсү 1/5.