13:57, 26 апрель 2024 Жм

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулун жана анын келинчегин акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең болот

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулун жана анын келинчегин акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең болот — Today.kg

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун сөөгү кичи мекенине эртең, 13-ноябрда коюлат. Маалыматты маркумдун досу Руслан Карыбеков билдирди.

Ал акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 10:00дө Тоң районунун Ак-Сай айылында болорун билдирди.

"Акжолтой Канатбек уулунун сөөгү апасынын (Майра Керим кызы) жанына коюлат. Жол кырсыгында Акжолтойдун келинчеги дагы каза болгон. Келиндин жакындары келишкен, алар жубайлардын сөөгүн чогуу коюуга макул болушту", - дейт ал.

11-ноябрда төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, каза болгону маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Акжолтой Канатбек уулу ушул жылдын сентябрь айында сүйүктүүсүнө баш кошкон.

 

up