07:39, 27 апрель 2024 Иш

Бишкекте балдар үчүн жаңы китептин бет ачары өттү

Касымалы Баялинов атындагы балдар улуттук китепканасында жазуучу Талантбек Шабиевдин «Китепландия» аттуу жомок китебинин бет ачары болуп өттү. Ага Улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары, китепкананын жетекчилиги жана педагогдор катышты. Иш-чарада китептеги окуялар боюнча балдардын сүрөт көргөзмөсү коюлуп, аларга чакан белектер тапшырылды.

Талантбек Шабиев кичинекей окурмандары менен. 30-октябрь, 2019-жыл. Талантбек Шабиев кичинекей окурмандары менен. 30-октябрь, 2019-жыл.

«Китепландия» - белгисиз өлкөдөгү каармандар башынан өткөргөн сыйкырлуу окуялар жөнүндө жомок. Жыйнактын мазмуну кичинекей окурмандарды билим алууга, жамандыкты жакшылык менен жеңүүгө, сабырдуулукка, кайраттуулукка үндөйт. Бул Талантбек Шабиевдин адабияттагы жарык көргөн алгачкы эмгеги.

ЮСАИД Эл аралык уюму республикада балдар китептери боюнча изилдөө жүргүзүп, жеткинчектер үчүн чыгарылган кыргыз тилдүү көркөм адабияттар тартыш деген тыянакка келген.

up